воскресенье, 13 апреля 2014 г.

МОЛЕКУЛАДАГЫ КЕМЧИЛИКСИЗ ДОЛБООР


Колуңуздагы китеп, телевизордун экраны жана капталдары, жаныңыздагы мөмө салынган тарелка, отурган креслоңуз, жерде төшөлгөн тактай пол, шыпта асылып турган люстра, килем, колуңуз, тырмактарыңыз, ичкен сууңуз... Булардын баары өзгөчөлүктөрү жагынан бир-биринен толугу менен айырмалуу заттар. Баары атомдордон турган бул заттар кантип бир-биринен мынчалык айырмалуу өзгөчөлүктө жана көрүнүштө болушу мүмкүн? Бул суроонун жообу молекулаларда жашырылган. Табияттагы болжол менен 109 түрдүү атомдун ар кандай санда жана ар кандай формада биригиши жер жүзүндөгү ушунчалык түркүн түстүү дүйнөнү пайда кылган.
109 гана атомдун ар кандай комбинацияда биригишинен келип чыккан мындай көп түрдүүлүк чындыгында керемет. Пайда болгон ар бир зат бир же бир канча жерде колдонулат жана бир канчасынын тирүү жандыктар үчүн мааниси өтө чоң. Эми бир ой жүгүртөлү. Сиз 109 бөлүктүн комбинациялары менен канча түрдүү зат пайда кыла аласыз? Мындан тышкары, ал заттардын баарын бир ишке жарактуу кыла аласызбы? Албетте, белгилүү бир санда гана жасай алышыңыз мүмкүн. Ал эми 109 түрдүү атом болсо керемет көп түрдөгү сансыз заттардан тышкары, жыт, даам, түс, катуулук, жумшактык, агуучулук, учуучулук сыяктуу детальдарды да пайда кылышат. Бул керемет чеберчилик теңдешсиз сулуулук менен көп түрдүүлүктү камсыз кылуудан тышкары, жашоонун пайда болушу үчүн да шарт. Мисалы, суунун үч түрдүү формада боло алышынын өзү эле жашоонун негизги себептеринин бирин түзөт. (Бул темага алдыда тереңирээк кайрылабыз.)
Бул 109 атом кантип миллиарддаган түрдүү молекуланы пайда кылат? Электрондордун ролу мына ушул жерде көрүнөт. Бир молекула пайда болушу үчүн электрондор бир атомдон экинчисине өтөт же эки атом арасында орток колдонулат. Натыйжада эң аз эки атомдон турган бир молекула келип чыгат. Бул процесс, албетте, бир сүйлөм менен түшүндүрүлө алгыс комплекстүү. Эки атомдун минтип электрон алмашуусу «химиялык байланыш» деп аталат. Бирок негизи эч кандай байланыш жок болот. Болгону бир электрон эки атом арасында барып келип жаткан болот. Электрондун бир атомдон экинчисине болгон ушундай сапары атомдорду бир-бирине байланыштырып турат. Электрондорду бөлүшүү маанисине келген мындай химиялык байланыштардын түрү жана бириккен атомдордун сыпаты менен саны молекуланын да сыпатын аныктайт. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн алгач молекулаларды пайда кылган химиялык байланыштарды карап чыгуу туура болот.


МОЛЕКУЛАЛАРДЫ ТҮЗГӨН ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШТАР


Эркин кыймылдап жүргөн бир атом айланасындагы башка атомдордун түртүү же тартуу күчүнүн таасири астында болот. Бул таасирдин натыйжасында эки атом бир-бирине жакындап, биригип, кайрадан түзүлөт жана тең салмактуу түзүлүшкө айланышат. «Тең салмактуу түзүлүш» - бул атомдордун протон менен нейтрондорунун бир-бирине ыңгайлашып, өз касиеттерин таштап, чогуу жаңы бир өзгөчөлүккө ээ болушу жана жапжаңы бир затты пайда кылышы. Мисалы, бириккен эки суутек атому менен бир кычкылтек атому жапжаңы бир затты пайда кылуу үчүн бүтүндөй өзгөрүшкөн. Алар пайда кылган тең салмактуу түзүлүш болсо – бул «суу» молекуласы.

Келип чыккан продукттун тең салмактуу болушу маанилүү. Себеби тең салмаксыз болсо бөлүнүп, талкаланып кетет. Мындай тең салмаксыздыкты төмөнкүгө окшотууга болот: бир орган трансплантациясы учурунда денеге кирген жаңы бир орган, эгер денеге ылайыкташа албаса, дененин тең салмактуу түзүлүшүн бузат жана бүт зат алмашууну астын-үстүн кылат. Ошол сыяктуу, бириккен атомдор да бир-бирине туура келип, тең салмактуу бир түзүлүштү пайда кылышы керек.
Пайда болгон молекулалар тең салмактуу болушу үчүн электрондорунун өзгөчө байланыш түзүү формалары бар. Ар бир атом өзүнө кайсынысы эң ылайыктуу болсо, ошол байланыш формасын колдонот. Эми мааниси өтө зор болгон бул байланыш формаларын карайлы.

Электрон алмашкан атомдор иондук байланыш түзүшөт

Атомдордун арасындагы электрон алмашуусу жаңы бир фирма ачуу үчүн капиталдарын бириктирген ортокторго окшошот. Жаңы бир завод куруу үчүн ортоктордун бирөөсүнүн капиталы жетпегенде, башка бирөөдөн керектүү көлөмдө капитал алып, ал кишини өзүнө орток кылат. Натыйжада эки ортоктон турган бир фирма келип чыгат. Капитал чоңойгон сайын ортоктордун саны да көбөйүшү мүмкүн.
Атомдордун арасындагы алмашуу да ушуга окшошот. Ядронун айланасында айланган электрон орбиталарынан жогоруда сөз кылдык. Атомдор эң сырткы орбиталарындагы электрон санын дайыма 8 кылууну көздөйт. Ошондо гана «тең салмактуу» болушат. Атомдор электрондорун 8ге толукташы үчүн болсо жогоруда айтылгандай бир ортоктук курушу керек болот. Эң сырткы орбиталарындагы электрондорду же капиталын толуктап ортоктук куруш үчүн башка бир атомго бериши керек же болбосо башка бир атомдон капитал, б.а. электрон алышы керек. Бул операция натыйжасында электрон берген атом оң заряддуу, электрон алган атом болсо терс заряддуу болуп калат. Карама-каршы заряддар бир-бирин тартканы үчүн бул эки атом эми бир-биринен ажырай албайт. Ушундай жол менен түзүлгөн байланыштар «иондук байланыш» деп аталат жана мындай байланыштын натыйжасында бир молекула пайда болот.
Атомдор арасы алмашууда көп санда электрон алуу же берүү үчүн көп энергия талап кылынат. Мына ушул себептен эң ылайыктуу ортоктук аныкталат. Мисалы, хлор атому эң тышкы орбитасында жети электрону бар бир атом. Жети электронун башка бир атомго бергенге караганда башка бир атомдон бир электрон алуу ага капиталын толуктаганга жетет. Ага электрон бергенге эң ылайыктуу атом болсо жалгыз ашыкча электрону бар натрий болот. Натрий жалгыз ашыкча электронун хлорго берип, натрий хлор молекуласын пайда кылат. Мына ушул ортоктук натыйжасында биз күнүмдүк жашообузда колдонгон туз келип чыгат. Биз билген ашкана тузу – негизи ушул эки атомдун электрон алмашуусу гана. Бул жерде белгилей кетчү маанилүү бир жагдай бар: тузду түзгөн натрий негизи жарылгыч, хлор болсо уулуу зат. Кемчиликсиз жана пландуу бир долбоордун натыйжасында жарылгыч жана уулуу атомдордун аралашмасынан биздин муктаждыгыбызды канааттандыруучу бир зат келип чыгууда.
Бул теманын башында айтылган фирма ортоктугу мисалы – акылдуу, билимдүү эки адам арасында белгилүү анализдер жана эки тараптуу макулдашуулар жасалган соң келип чыгуучу, пайда-зыян эсеби жасалган, пландуу бир ортоктук. Пландуу болгонуна карабастан, көптөгөн маселелер жаралат, бүгүнкү эсептер эртеңкиге туура келбеши мүмкүн. Ал эми бир молекуланын ичиндеги ортоктук алмашуусу болсо өтө бекем жана кемчиликсиз болот. Ар бир атом тышкы орбитасында сегиз санына жетиши керектигин билгендей мамиледе болот. Мындай ортоктук бүгүнкү күнгө чейин жети электрон менен да, тогуз электрон менен да түзүлгөн эмес. Туура жыйынтыкты алуу үчүн атомдор тышкы орбиталарындагы электрон санын эсептөөдөн тышкары, дагы бир эсептөө жасап, башка бир атомго электрон берүүнүнбү же алуунунбу пайдалуураак болоорун аныкташы керек.
Мындай аң-сезим атомго тиешелүүбү? Атом муну пландап же билип туруп жасайбы? Албетте, бул мүмкүн эмес. Бул акыл менен аң-сезим атомдорду жараткан, аларга системалуу жана катасыз кыймыл-аракет жасашын илхам кылган Аллахка тиешелүү.
Атомдордун бир-бири менен байланыш түзүшүн камсыз кылган, химиялык реакцияларга мүмкүндүк берген мындай химиялык түзүлүшү өзүнчө бир керемет. Эгер атомдордун орбиталарындагы электрондорду белгилүү бир санга толуктоо аракети болбогондо, ааламда эч бир химиялык байланыш жана реакция болмок эмес жана натыйжада жашоо да болмок эмес. Эмне үчүн атомдор электрон санын толуктаганга аракет кылышат? Илимпоздордун бул суроого эч бир жообу жок.
Атомдордун түзүлүшүнүн, жашоо үчүн эң ыңгайлуу болушунун бир гана түшүндүрмөсү бар: алар жаратылган. Атомдордун түзүлүшү байланыштар пайда боло тургандай кылып белгиленген жана Аллах жер жүзүндө бул кемчиликсиз тартипке мүмкүндүк бере турган табият мыйзамдарын жараткан. Бул бизге бүт ааламды Аллах жаратканын жана бул жаратууда бир максат менен сыр бар экенин дагы бир жолу эскертүүдө. Аллах бир аятында мындай деп билдирет:

Бул Аллахтын жаратышы. Демек, Андан башкалардын жараткандарын Мага көрсөткүлөчү. Жок, зулумдук кылгандар апачык бир адашууда. (Локман Сүрөсү, 11)

Атомдор бир-биринин электрондорун чогуу пайдаланып, коваленттик байланыштарды түзүшөт

Кээде атомдордун бир-бирине бере турганчалык көп электрону болбошу мүмкүн. Же атомдор бир-бирине электрон берүүдөн башка бир байланыш жолун тандашы мүмкүн. Мындай учурларда өздөрүнө керектүү электрондорду ортоктошуп, чогуу колдонушат. Бул араларынан дарыя өткөн жана бир көпүрө аркылуу байланыш түзгөн эки жер аймагына окшошот. Ортодогу бириктирүүчү көпүрөнү электрондор түзүшөт. Электрондордун мындай жол менен чогуу колдонулушу атомдор арасындагы коваленттик байланыш деп аталат. Жер жүзүндөгү маанилүү көп молекулалар ушул байланышты колдонуп пайда болот.
Атомдордун мындай ортоктугун жакшыраак түшүнүү үчүн эң жакшы мисал суутек болот. Суутектин бир гана электрону болгондуктан, өтө жөнөкөй бир атом жана тең салмактуу болуу үчүн бул жалгыз электронду экиге толуктаганга аракет кылат. Мунун себеби мындай: жогоруда атомдордун орбиталарында белгилүү санда электрон болушу керектигин, эң акыркы орбиталарында сөзсүз сегиз электрон айланышы зарыл экенин айткан элек. Бул эреже иштебеген жалгыз орбита – бул биринчи орбита; бул орбитанын идеалдуу электрон саны эки. Ошондуктан бир орбитада бир электрону бар суутектин тең салмактуу абалга келиши үчүн дагы бир электрондуу болушу жетиштүү болот. Ал үчүн суутек ар кандай атомдор менен байланыш түзөт. Атмосферада кездешкен суутек газы эки суутек атомунун коваленттик байланыш менен бириккен абалынан келип чыккан.
Кычкылтек да ошол сыяктуу эң тышкы орбитасында алты электрону бар бир атом. Тең салмактуу болушу үчүн электрон санын сегизге чыгарышы керек. Бул үчүн аны менен коваленттик байланыш түзө турган эки суутек атомуна муктаж болот. Себеби, эсиңизде болсо, бир суутек атомунун бир электрону бар.
Бул сандар кычкылтек үчүн да, суутек үчүн да туш келди белгиленген сандар эмес, албетте. Кычкылтектин алты электрондуу болушу жана эки суутек атомунун аны толуктай алышы да бир кокустук эмес. Ушундай төп келүүчүлүк натыйжасында жашоо үчүн эң керектүү заттардын бири суу пайда болот. Бул сандарды белгилеген, бир-бирине ылайыктуу кылып атомдорду жана сууну жараткан Аллах. Бул чындык бир Куран аятында мындайча кабар берилет:

... Ошентип асмандан суу түшүрүп, силерге суу бердик. Силер анын казына-сактоочулары эмессиңер. (Хижр Сүрөсү, 22)

Кээ бир атомдор суутек байланыштары менен байланышат

Түстүү микрограф менен тартылган ДНК жуп
спиралынын көрүнүшү
Эгер бир суутек атому эки атом тарабынан ортоктошуп, чогуу колдонулса, бул байланыш суутек байланышы деп аталат. Бул үчүн ал эки атом терс заряддуу болушу керек. Буга кычкылтек менен азот атомдору эң жакшы мисал болот. Суутек кычкылтек жана азот атому менен коваленттик байланыш түзө алат. Бул атомдордогу электрондор кычкылтек менен азот атомдоруна суутекке караганда жакыныраак болот. Мунун себеби бул атомдордун тартылуу күчтөрүнүн күчтүүрөөк болушу. Ошондуктан суутек менен ал байланыш түзө турган берки атомдун электрондору суутек атомунан алысташат. Терс заряддуу электрондордун суутектен алысташы суутекти оң заряддуу кылып койот жана эки терс заряддуу атом арасында суутекти туруктуу кармайт. Эки атом арасында жүргөн суутек атому натыйжада бир байланыш болуп берет жана эки атом арасында бир суутек байланышы түзүлгөн болот.
Суутек байланыштары алсыз байланыштар болот. Бир байланыштын «алсыз» болушу ал байланыштын үзүлүшү үчүн аз көлөмдө энергиянын жетиштүү болоору маанисине келет. Алсыз байланыштар организмдеги чоң молекулалардын түзүлүшүндө өтө маанилүү роль ойношот. Мунун себеби бул байланыштар «ийкемдүү» болушат. Алар пайда кылган зат ийкемдүү болот. Бирок бул ийкемдүүлүк учурунда байланыштар үзүлүп кетпейт. Суутек байланыштарынын мындай артыкчылыгы жер жүзүндөгү көп молекулалар үчүн өтө зор мааниге ээ. Буга ДНК молекуласы эң жакшы мисал болот. Бул молекула жасаган денедеги бир-биринен керемет процесстер негизинен суутек байланыштарынын бир натыйжасы. Бул темага жана суутек байланыштары натыйжасында артыкчылыкка жеткен башка молекулаларга алдыда терең токтолобуз.
Молекула темасын карап жатканда эч унутпаш керек болгон бир чындык бар. Сизди жана сиздин жашооңузду түзүү үчүн пайда болгон атом комбинациялары адам болжой алгандан алда канча көп. Ойлоп көрүңүз, бир эле чекитте галактикабыздагы жылдыздардын санынан алда канча көп атом бар.9 Колуңуздагы алма, жашап жаткан үйүңүз, үстүндө жашап жаткан планетаңыз жана ал тургай денеңиз да атомдордон турат. Жогоруда айтылган байланыштар болсо өтө кичинекей көлөмдөгү электрондордун боштук ичиндеги кыймылы гана. Бул кыймыл (сапар) дем алып жаткан абабызды, жашап жаткан үйүбүздү, итибизди, гүлдүн жытын, алманын даамын, ичкен суубузду, денебиздеги ферменттерди, планеталарды, кыскасы, бүт нерсени пайда кылат (түзөт).
Бир эле чекитте миллиондогон санда болгон бул атомдор арасында кыймылдап жүргөн электрондордун санын болжолдой аласызбы? Ушунчалык кичинекей бир дүйнөнүн ичинен ушунчалык масштабдуу бир ааламдын чыгышы, күчтүү электрондук микроскобу менен караганда да бозомук бир чаң булутундай гана көрүнгөн электрондордун ушунчалык чоң бир кереметти пайда кылышы укмуш бир көрүнүш. Жоктуктан бир нерсенин бар болушу, боштуктан салмактын жана заттын пайда болушу, түссүздүктөн түстүн, жытсыздыктан жыттын пайда болушу – Аллахтын керемет жаратуусунун далилдеринен. Бир даана электрондон тоолорго, жылдыздарга жана адамдарга чейин бүт нерсени кемчиликсиз жараткан – бул чексиз илимдүү, кудуреттүү жана акылдуу, жерлердин жана асмандардын ээси Аллах. Бир аятта мындай деп айтылат:

Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат, кудай) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)


Молекулалардын эч тынымсыз кыймылы


Бөлмөңүздө тынч гана отурасыз. Айланаңызда эч бир добуш жок. Айланамда эч бир кыймыл жок деп ойлоп жатасыз. Чындыгында болсо айланаңыздагы бүт нерселер, сизди курчап турган аба да эч тынымсыз кыймылдап жатат. Кантиппи?
Сиз бөлмөңүздө креслого отуруп, тынч гана колуңуздагы китепти окуп жатканыңызда сизди курчап турган молекулалардын эң кичинекей бөлүкчөсү электрондор секундасына 1000 километр деген керемет бир ылдамдыкта тынымсыз айланууну улантышууда. Мындан тышкары, сизди курчап турган, ал тургай, сизди түзгөн молекулалардын өздөрү да эч тынымсыз кыймылдашууда. Боштукта кыймылдап жүргөн молекулалардын ылдамдыгы да дээрлик бир тапанчадан атылган октун ылдамдыгына барабар: секундасына 1000 метрден ашат.10
Абадагы миллиарддаган молекула ар бир секунда сайын миллиарддаган жолу бир-бирин сүзүп, бир-бири менен кайра сүзүшкөнгө чейин айланууну улантышат. Ошондуктан сиз тынч жана жалгыз бир бөлмөдө отурам деп ойлоп жатканыңызда негизи бир молекула бомбалоосунун дал ортосунда турган болосуз. Кээде катуу бир шамалга айланган мындай молекула бомбалоосу дарактарды сындырып, имараттарды жыга турганчалык күчтүү болууда.
Кыймылдагандар бир эле абадагы молекулалар эмес. Териңиздеги, столуңуздагы, колуңузда кармап турган китептеги молекулалар да тынымсыз кыймылдап турушат. Эң күчтүү крандар да араң жыккан таштан жасалган бир дубал кантип тынымсыз кыймылдап турушу мүмкүн деп кызыгышыңыз ыктымал. Бир дубал чындап эле кыймылдап турат, бирок дубалды түзгөн молекулалар бир-бирине бир топ жакын тизилгени үчүн титиреп эле турушат. Тынымсыз титиреп турган бөлүкчөлөрдөн түзүлгөнү менен биз айланабызда дайыма катуу жана бекем турган заттарды көрөбүз. Кыймылдап турганы менен эч нерсе кокустан үзүлүп майдаланып кетпейт.
Молекулалар арасындагы мындай кыймылдын тең салмактуу болушу да зарыл. Биз айткан «титирөө» катуу заттарда (буюмдарда) тең салмактуулукту камсыз кылган бир кыймыл формасы болуп саналат. Ошондой эле, молекулалар чечкиндүүлүк менен бир тарапты көздөй кыймылдашпайт. Эгер мындай болгондо, мунун натыйжасы өтө таң калыштуу болмок. Молекулалар баары чогуу бир тарапты көздөй кыймылдаганда, биз тамак жеп жаткан столубуздун өзүнөн-өзү бир тарапка белгилүү бир аралыкка жылганын көрмөкпүз.11 Катуу бир буюмдун мындай күтүлбөгөн кыймылы, албетте, таң калууну жаратмак жана аны колдонуу кыйын болуп калмак. Бирок биз эч качан мындай жагдайга жолукпайбыз. Себеби катуу буюмду түзгөн молекулалар да Аллахтын бир жакшылыгы катары тең салмактуу титирешет. Ушул себептен эч качан бир тарапты көздөй кыймылдап кетпейт жана бир башаламандык келип чыкпайт.
Молекулалардын температуранын таасири менен ар кандай абалдарга өтүшү да ушул кыймылдын жана энергияларынын бир натыйжасы. Мисалы, суу молекулалары бир-бирине эң жакын болгон кезде катуу абалда (муз) болуп калат. Жылынып суюктукка айланганда молекулалар тынымсыз кыймылынын бир натыйжасы катары бир-биринин үстүнөн тайышат. Суюктуктун агуучу касиетте болушунун, б.а. биздин суюктукту «аралаштыра алышыбыздын» себеби ушунда. Суу андан да ысып молекулалары бир-биринен өтө алыстаганда болсо газ абалына келет. Бууга айланган суу бир-биринен барган сайын алыстаган молекулалардан турат. Бир-биринен алыстаган молекулалар тынымсыз кыймыл абалында болгондуктан, айланага эч кыйынчылыксыз тарай алышат. Ашканада бышып жаткан бир тамактын жытын мына ушул себептен берки бөлмөдөн туруп сезе аласыз.
Колдоруңузду бир-бирине сүргөнүңүздө колдоруңуздун ысып кетишинин, бир тактай бетинде айландырылган тактай чыбыктын күйүп кетишинин себеби да – молекулалардын кыймылы. Колдоруңузду бир-бирине сүргөнүңүздө сүрүлүүнүн таасири менен молекулалар ылдамыраак кыймылдап башташат. Колдоруңуздун жылыганы жөнүндөгү сезим ушул кыймылдан келип чыккан энергиянын бир натыйжасы болот.
Молекулалар эч тынымсыз кыймылдаганы менен, биз муну көбүнчө сезбейбиз. Дасторконуңуздагы майда оймо-чиймелердеги молекулалар да кыймылдап турушат, бирок ал оймо-чиймелердин бузулганына же бир-бирине аралашып кеткенине эч күбө болбойсуз. Жүзүңүз да молекулалардан турат жана ал молекулалар да кыймылдап турушат. Бирок жүзүңүздүн формасы мунун себебинен бузулуп калбайт. Жер жүзүндөгү бүт нерселерде, эң майда буюмдарда да ушундай кыймылдар болуп турат. Бирок айланаңызда буга кичине да далил көрө албайсыз.
Молекулалардын кыймылы туш келди болбойт. Суюктуктарда бир-биринин бетинен тайган, газдарда бир-биринен алыстаган, катуу заттарда болсо бир-бирине өтө жакындаган молекулалар бул тартипти эч качан бузушпайт. Бир чыныны түзгөн молекулалар эч качан себепсиз жерден чачырап, бир-биринен бөлүнүп кетишпейт. Чыныны молекулаларынан ажыратуу үчүн белгилүү бир температура талап кылынат. Бул чоңдук да жер жүзүндө керемет бир өлчөм менен белгиленген. Мисалы, суунун молекулаларын ажырата турган температура белгилүү. Бирок ал температура суу куюлган казанды молекулаларга бөлүп салбайт. Мына ушул себептен казандын ичинде эч кыйынчылыксыз суу кайната алабыз. Казан молекулалары бир-биринен алысташы үчүн бир топ жогору бир температура талап кылынат.
Мындай кылдат жана белгилүү бир тең салмактуулук, муну камсыз кылган жана илимпоздор «табият мыйзамы» деп атаган өзгөрүлгүс стандарттар жок болсо эмне болмок? Мындай тең салмактуулук болбогондо, анда жер жүзүндөгү бүт нерселер белгилүү бир температурада ээриши мүмкүн эле. Мисалы, ааламдагы бүт нерселер, суу менен бирдей температурада молекулаларга ажыраганда, өз денебиздеги белокторду жана клеткаларды түзгөн молекулалар да кошо, ааламда эч нерсе туруктуу боло алмак эмес. Бирок мындай коркунуч эч качан туулбайт. Себеби ааламдагы бүт нерселер үчүн белгиленген бир тең салмактуулук жана чоңдук бар. Суунун белгилүү бир температурага жеткенде бууланышы мааниси өтө зор бул молекула үчүн абдан маанилүү бир жагдай жана атайын пландалган бир тең салмактуулук. Жер жүзүндөгү суунун айланышы ушул буулануу системасынын натыйжасында болот. Ар бир молекула жер жүзүнүн учурдагы тартибин камсыз кыла турган бир өзгөчөлүккө ээ. Бул болсо, албетте, бүт нерсе үчүн белгилүү бир чен-өлчөм белгилеген жана ар бир чен-өлчөмдү бир-бирине толук ылайыктуу кылып жараткан Аллахтын кудуретинин бир көрсөткүчү. Аллах бир аятында мындай дейт:


... Күмөнсүз, Аллах бүт нерсенин эсебин толук жасоочу. (Ниса Сүрөсү, 86)

Булактар:

9. P. W. Atkins, Molecules, A Division of HPHLP New York, 1987, sf. 4
10. hil Roxbee Cox – Max Personage, Atom ve Molekül, Tübitak Popüler Bilim Kitapları, Nurol Matbacılık 1999, sf. 16
11. The Mind Alive Encyclopedia, Basic Science, sf. 69-70

Комментариев нет:

Отправить комментарий